Menu

“Кыргызалтын” менен “Макмалалтын” качан чуудан арылат?

Бөлүшүү:

Кыргызстан кен байлыкка бай өлкө. Эгемендүүлүккө ээ болгону алтын кенин казып алуу, алтын ылгоо жаатында көп алгылыктуу аракеттер көрүлүп, бул тармактын өнүгүп-өсүшүнө зарыл негиздер бар. Бирок, алтындын ири көлөмүн өндүрсө дагы чет өлкөлүк өндүрүшчүлөр жана жергиликтүү алтын өндүрүшчүлөрү беш манжасына чейин гана эмес, билегине чейин алтын уурулугуна малынып, көпчүлүктү иренжиткен бул терс көрүнүшкө көп жылдардан бери акыркы чекит коюлбай келе жатат.

Элибиз президент Сооронбай Шариповичтен бул тармакка көз кырын салып, коррупция менен кармашканга эрки жетерине үмүт артышууда. «Макмалалтын» комбинатында көп жылдардан берки көкөй кескен уурулук фактылары жөнүндө бир далай макалаларды жазып, айтып келдим. Жакында эле дал ошол алтын ылгоочу «Макмалалтын» комбинатында кезектеги чыр чыгып, алтын ылгоо фабрикасынын башчысы Исмаилов Алмаз өз уурулугунун бетин өзү ашкерелегени айтылды. Уюшулган коррупциянын бетин ачып берген Исмаилов Алмазга «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси А.Алимбеков кайрадан кысмакка алганы кандай? 2018-жылдын 7-мартында А.Исмаилов фабриката «обход» кылуу үчүн кирип баратса, күзөтчү «сени күзөт башчысы Каныметов Нурдин киргизбөө үчүн буйрук берген» деп фабриката киргизбей койгону эмнеси? Эртеси 2018-жылдын 8-март күнү А. Исмаилов фабриканын ичин тыкыр текшерип чыгып, алтын уурдай турган сеткалар (уловитель) орнотулгандыгына күбө болгону каңкууланган. Атайын кабыл алынган эреже боюнча дароо комиссияны чакырып жатса, башкы инженер А.Абазов кирип келип, «сен эмне ызы-чуу кылып жатасың?» деп аны тилдеп, «бул алтынды биз шефтерге, «Кыргызалтынга бергенге даярдаганбыз» деген. Нааразы болгон А.Исмаилов «Кыргызалтындын жетекчилигине билдирүү жасаганда, күзөт башчысы Н.Каныметов жана вице-президент Т.Казаков эч кандай чара көргөн эмес. «Макмалалтын» комбинатына иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн комиссия дагы жиберилген эмес. Кылмыш иш ошол бойдон ачыкка чыкпай, жабылуу бойдон калып, бир дагы жолу иликтөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Уурулуктун бетин ачкан А.Исмаиловду тез аранын ичинде жумуштан четтетип, анын ордуна өз адамдарын коюп, кызматкерлердин нааразычылыктары жаралган. Ошол эле убакта «Макмалалтын» комбинатынын профсоюз уюмунун жетекчиси Б.Бектенов «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилигине « М акмалал ты н д ы н » директору «алтын уурулугуна жол бергендиги үчүн кызматган кетсин деп доомат койгон. Аргасы кеткек А-Алимбеков «Макмалалтын» комбинаты- жетекчилигиндеги кызматкерлерди кызматтан четтетип, уурулук фактысы боюнча кылмыш иштерине юридикалык баа берүүнүн ордуна аларды жаап-жажышыр отурабы? Ушундан улам Алимбековдун жетекчи катары уурулукка жол бергени ачыктан ачык корунуп турат. «Макмалалтын» комбинатынын директору К.Дыйкановду кызматтан алып, кайра «Кыргызалтын» ААКга башкы геолог кылып койду. Ал эми кыңыр ишти жаап-жашырган башкы инженер А.Абазовдун мансаптык тепкичин жогорулатып, кызматтан которуп, «Макмалалтын» комбинатынын директору кызматын берди. Эми муну кадимки «Кумондордун күлкүс» болду десек жаңылыштык эмес, же болбосо, кыргызда айтылгандай, «Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат» болуп атканы кимдин болбосун кыжырын келтирет. 2014-жылдын 5-февралында «Майдан» гезитине «Макмалалтын» комбинатын Н.Исаков, «Кыргызалтынды» А.Муралиев жеке менчигине айлантып алганбы?» деген макала жарык коргон. Анткени, ошол убакта уурулук чегинен чыгып, ай сайын 18-20 килограммдан алтын уурдала баштаган. «Макмалалтын» комбинаты жетекчиликтин менчигине күнү бүгүнкүгө чейин иштеп келе жатат. Ошол убакта жумушчулар которулуп, нааразылык акциясы дагы болуп өткөн. Макала өз убагында чыгып, «Макмалалтын» комбинатынын директору Н.Исаков, А.Муралиев кызматтан алынган, бирок, кылмыш иштерине юридикалык баа берилген эмес, себеби, алардын чонтогу калың экен, «жабылуу аяк жабылуу бойдон калган». Эми ошол эргулдардын башатында болуп келген Н.Исаков кайрадан башкы инженерлик кызматка келди. Мындай көрүнүш – «Кыргызалтын» ААКда уурулук фактылары бар экенинин, коррупциялык схемалардын болуп келе жатканын ачык-айкын белгиси. Бир ууруну кызматтан алып, кайра мурунку ууруну кызматка алып келе берүү – бул парадокс эмес эмне? Өкмөт мындай жосунсуз көрүнүштү жоюуга милдеттүү. Коомчулук күтүүдө.

Азыркы учурда уурунун бетин ачкан А.Исмаиловдун устунон интернет тармактары аркылуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болушунча жамандап, «Кощей» деп кличка коюшуп, кызматтан ылдыйлатып, айтор, жок кылуунун айласын издеп жаткан чагы. «Уурулуктун бетин бекер ачтың өзүңө өзүң кылдың» деп мурунку директор К.Дыйканов «эми сага А.Алимбеков өчөшүп алды, кызматтан кетпесең, бекер жерден камалып кетишиң мүмкүн» деп эскертти» дейт. Эл оозунда «алтындын анты- алып тынуу» деп балким бекеринен айтылбаган чыгар, бирок, алтын алкы бузуктардын оокаты болуп келе жатканы коомчулуктун кулагьша сиңип, эч кимге жашыруун деле болбой калды. Кеп эми өмөттө, ушундай уурулардан кантип тазаланабыз? Канткенде мыйзамдуу өлкөгө жете алабыз? Баса, «Кыргызалтындын» жетекчиси Алмаз Алимбековго Жалал-Абад облустук милициясынын тергөө болуму тарабынан эч жакка кетпөө жөнүндө тил кат аркылуу коё берилгени маалым болду.

Качкынбек Булатов, укук коргоочу

P.S. Экинчи тарап үн катса, гезит бетинен орун берилет.

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: