Menu

Талгарбеков акталып, анын ордуна Жолдубаева менен Сегизбаев камалсын

Бөлүшүү:

Дээрлик эки жылдан ашуун убактан бери белгилүү саясый ишмер Бекболот Талгарбековдун негизсиз жагдайда абакта отурганы барган сайын коомдук пикирде да кызуу талкууланууда. Талгарбеков кайсы күнөөсү үчүн ушунча убакыттан бери түрмөдө отурат? Бул суроого коомчулукка төбөсү көрүнгөн бир катар аттуу-баштуу юристтер да анын адилетсиз жагдайда кармалып, эски бийлик тарабынан оор жаза алышы эч акылга сыйбай турганын ташка тамга баскандай белгилегенине карабай, каарманыбыз алигиче абактан чыкпай келет. Анын соңку үч айда абакта жатып жазган макала-маектери биздин гезит аркылуу жарыкка чыккан соң, коомчулуктун калың катмары анын адилетсиз жагдайда жазасын өтөп жатканын баса белгилешүүдө. Өзгөчө коомчулукка төбөсү көрүнгөн инсандардын бизге келген пикирлеринен соң аларды эл алдына жарыяладык. Чындыкты жаап-жашыруу мүмкүн эмес да.

Кеңешбек Дүйшөбаев генерал-лейтенант:

– Мен Бекболот Талгарбековду жакшы жагынан билем. Тээ 1990-жылдардын башында өлкө башына Аскар Акаев келип, өзү менен кошо бийлик бутактарына Бекболот Т алгарбеков сыяктуу жаштарды тарта келген. Алардын ичинен силер сөз кылып жаткан каарман айыл чарба реформасынын башында турду. Бул жааттагы реформасы ийгиликтүү болду. Мына анын үзүрүн эмгекчил дыйкандарыбыз азыр көрүп жатышат. Жер менен мал элдин колуна өттү. Ал эми саясый жагынан бул инсан кадимкидей такшалган, кылдат, анализ кылганды терең билет. Эски бийлик тушунда бир катар саясатчылар адилетсиз жагдайда болбогон шылтоолор менен камалып кеткен. Алардын бири дал ушул Талгарбеков болду. Мен бул кишинин төңкөрүш жасоого шектелип кармалганына анчейин ишене бербейм. Андыктан, азыр бийлик алмашты, эгер Талгарбековго байланышкан иш тиешелүү органдар тарабынан адилеттүү каралса, ал сөзсүз акталып чыгарына ишенем. Тажрыйбалуу, мамлекетчил инсандын акталып, эркиндикке чыгып кетишин каалайм!

Жусупжан Жээнбеков, экс-губернатор:

– Бекболот Талгарбековду «кой оозунан чөп албаган» Кыргызстандын патриоту катары эсептейм. Тилекке каршы, өз көлөкөсүнөн корккон «нокотек» жетекчи «бөйрөктөн шыйрак чыгарып», жок жерден жалаа жаап камап отурат. Ошондой киши Кыргызстандын чоң душманы катары, башкача айтканда, өзүнүн жеке душмандарынан өч алуу максатында аны камакка алдырган. Азыркы күндө Т алгарбековду мунапыс жолу менен боштондукка чыгарып, эски бийликтин аларды камоодогу катачылыктары үчүн азыркы «көчтү улаган» жетекчибиз кечирим сурап койсо, тек гана аброю көтөрүлмөк! Аныгында Бекболот Талгарбековду эски бийлик төбөлдөрү Кокон хандыгындай жеке өчүн алыш үчүн эле адилетсиз жагдайда камакка алышканы жалган беле? Кыргыздын мындай инсанын адилетсиз жагдайда камакта калтырбастан, тез арада боштондук бергенге бүгүн да кеч эмес. Жогорку сот менен башкы прокуратура бул иштерге калыс баасын бериши кажет.

Абдрахман Маматалиев, экс-вицепремьер-министр:

– Албетте, Бекболот Талгарбековго байланышкан ишти кылдат талдап чыгуу зарыл. Ал кишинин ишмердигине (айрыкча айыл чарба тармагын башкарган учуруна) ар кандай сын пикирлер айтылышы мүмкүн. Бирок, ал жаратылышында дегеле бийликти күч менен басып ала турган адамга окшобойт. Анын мынчалык катуу жазалана турган кылмыш жасабагандыгын коомчулук ачык айкын эле айтып жатпайбы. Бул ишти карап жатканда алгач буйрук берген төбөлдөрдү аныктап, ошолордун жоопкерчилигин караш керек. Көпчүлүк учурда алар четте калып, аткаруучу, жөнөкөй кызматкерлерди салып берип коюп жатышпайбы. Ал байкуштар убагында буйрукту аткарышпаса, жазага тартылып, жумуштан айдалат эле да. Ошентип, көптөгөн мыкты адистер курмандыкка чалынып, керектен чыгып калышууда. А негизи, Бекболот Талгарбековго карата акыйкат жүзүн буруп, тезинен эркиндикке чыгып, акталып алышына тилектешмин. Эл уулун камакта кармай берип, кай муратка жетмек элек?

Расул Үмбөталиев, коомдук ишмер:

– Негизи «Элдик парламент» саясый бирикмесинин ой-пикири жакшы болчу. Мен дагы ошол кыймылдын мүчөсү элем. Биздин ошондогу бийлик төбөлдөрүнө карата айткан негиздүү сын, сунуштарыбыз убакыттын өтүшү менен мына азыр тастыктала баштады. Биздин бирикменин анда бийликти басып алуу боюнча кыпындай да жаман оюбуз болгон эмес. Андагы президент жана анын айланасындагылардын кыңыр иштерин адилетгүү сын пикирлер менен айтып чыкканыбызда, алар «булар бийликти басып алганы жатышат» деп болбогон шылтоолор менен айрым лидерлерди камашкан. Болгондо да саясый куугунтук жолу менен. Андан бери арадан эки жылдан ашуун убакыт өттү. Катарыбыздагы негизсиз жагдайда камакка алынган мүчөлөрүбүз дагы деле эркиндикке чыкпай, эски бийлик тарабынан оор жазаларды алып отурушат. Өлкөбүздө бийлик алмашкан соң бул иштер боюнча жаңы жагдайлардын негизинде кайрадан каралышы шарт. Телефондук сүйлөшүүлөрдү монтаж кылуу менен мыйзамды, адам укуктарын одоно бузушуп, анысы аз келгенсип Бекболот Талгарбеков баштаган мүчөлөрүбүздүн соттук иштерин жабык түрдө өткөрүшкөн эски бийликтин жасоолдоруна башкы прокуратура адилеттүү баасын бериши зарыл. Мындан аркы сот отурумдарын ачык өткөрүлүшүн азыркы жаңы бийликтен талап кылам. Болбогон шылтоолор менен эл уулдарын камап, кордой бербейли.

Аида Салянова, экс-башкы прокурор:

– Бекболот Талгарбековдор камалгандан кийин көп өтпөй эле эл менен жолугушуу үчүн Рыскелди  Момбеков, Кенжебек Бокоев жана мен болуп Ак-Талаа районуна барып калдык. Ошондо залдан «Элдик парламенттин» өкүлдөрү жөнүндө суроо болгондо, мен муну мыйзамсыз катары түшүндүрүп бердим. Ал кезде бийликтеги саясатчылар өзүнүн оюн айткандан коркуп, бул темага комментарий берчү эмес. Кийин  интервьюларымда дагы айтып жүрдүм. Азыр дагы оюм өзгөргөн жок. Бекболот Талгарбековдордун камалышы мыйзамсыз болгон.

Адил Турдукулов, Сөз эркиндиги коргоо комитетинин аткаруучу директору:

“Түштөн кийин” кыйын болуп, мурунку президентти жерге киргизип, кайра чыгарып келген саясатчыларга караганда, Бекболот Талгарбековдун айырмасы асман менен жердей. Маселен, Атамбаев бүтүндөй бийлик бутактарын мыкчып алган учурда ага акаарат көрсөтүп, президенттин тез  арада кызматтан кетүүсүн талап кылып,  айрыкча анын тегерегиндегилер Чыныбай Турсунбеков, Тургунбек Кулмурзаев, Фарид Ниязов, Икрамжан Илмияңов камалыш керек экенин ошондо эле ачык айтып келген. Ал ошондой кадамдары үчүн камакка алынган жана ага карата бүт бийликке көз каранды сот системасы өч алууга аракет жасаган. Бекболот Талгарбековго карата ошондой мыйзамсыз куугунтукту жасаган андагы башкы прокурор Индира Жолдубаева менен УКМКнын ошондогу төрагасы Абдил Сегизбаев сөзсүз түрдө тез арада жоопкерчиликке тартылып, камакка алынып, ал эми Талгарбеков жана анын санаалаштары Марат Султанов, Төрөбай Колубаев бошотолушу керек. Талгарбековдун боштондукка чыгышын жарандык коом да жалпы жабыла талап кылалы. Анын адилетсиз жагдайда камакта отурганына коомчулуктун калың катмары дагы бийликке коңгуроо кагышууда. Учурдагы башкы прокурор бул иштерге карата адилеттүү баасын бериши зарыл.

Жанар Акаев, ЖК депутаты:

– Мен билгенден Бекболот Талгарбеков жана аны менен бирге айыпталгандардын камакта отурганына эки жылдан ашуун убакыт болду. Бул аралыкта өлкөбүздө жаңы бийлик алмашты, элдин жана Талгарбеков сыяктуу эски бийлик тарабынан адилетсиз жагдайда абакта отургандардын жаңы бийликтен үмүттөрү зор болуп турат. Андыктан, мындай инсандарга карата укуктук жактан адилеттүү баа берүүгө мезгил келди. Бекболот Талгарбековду эмес, бүгүн Бишкек ТЭЦинен, музейлерден акча жасашкан эргулдарга жаза берүү керек. Анан калса Бекболот Талгарбеков менен бирге айыпталгандардын сотун ачык өткөрүп, буга чейин аларга карата адилетсиз жагдайда тергөө же сурак жүргүзүп, мыйзамсыз айып тагып келгендерге карата башкы прокуратура укуктук жактан адилеттүү баа берүүлөрү кажет. Сыртта оор иштерге айыпталгандарга карата укуктук баа бербей, болбогон жерден камалып кеткендерди кыйнаганыбыз кандай? Мен ишенем, алдыда Бекболот Талгарбековдун ишине кайрадан жогорку инстанциялардан акыйкат чечим чыгаарына. Алтымыштан ашканда мындай агаларыбыздын алдап-соолап күчүн алгандын ордуна камакта отургузуп койгонубуз жарабас. Мен Талгарбековдун акталышынан үмүт артам. Кыйчалыш кезде каарманыма карата адилеттүү ушундай пикиримди эч жалтанбай айта алам.

Ийгилик Болсунбаев

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: