Казакстан Башкы прокуратурасы Москвада үй камагында отурган бизнесмен Жомарт Ертаевдин Орусияда жашоо укугу жокко чыгарылганын билдирди.
Казакстан Ертаевди мекенине кайтарууга аракет көрүүдө, ал коммерциялык «Bank RBK» банкынан миллиондогон долларларды уурдоого шектелүүдө.
Казакстан Башкы прокуратурасынын суроосу менен 14-июнда Москвада сот Ертаевдин үй камактагы мөөнөтүн 8-ноябрга чейин узартты. Астананын өтүнүчү менен Орусия ИИМи казак бизнесменинин Орусияда жашоо укугун жокко чыгарды.
45 жаштагы мурдагы банкир Казакстандын суроосу менен быйыл май айында Орусиянын коопсуздук органдарынын кызматкерлери тарабынан кармалган. Казакстан ТИМи Ертаев «Bank RBK» банкынын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси болуп турганда жалган компаниянын 80 миллион доллар өлчөмүндө насыя алуусуна жардам берип, кийин каражатты кайтарып бербөө аракеттерин көргөндүгүн билдирген.
«Коммерсанттын» маалыматына караганда, сотто Ертаев менен анын адвокаттары бул айыптоолорду четке каккан.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ