Menu

Кулматов куткарылбады

Бөлүшүү:

Бишкек шаарынын мурунку мэри, дагы көп мекемелердин мурунку чоңу Кубанычбек Кулматов аны камоо боюнча райондук жана шаардык соттордун чечимдерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку сотко кайрылган. Эки күн мурун Кулматовдун ал өтүнүчүн карап эки соттун чечимдерин күчүндө калтырды, Кулматов 28-августка чейин камакта кала турган болду. Жеп-ичкендер шашпай жешет, шашпай жатып сиңирет, анан шеги билинип суракка алынса же камалса, айласы алты түгөнүп, арызданбаган жери калбай, “аппак” экенин кайра-кайра айтып карганышат. А чындык деген бирөө эле, жегениң чын болсо, эч качан, эч кайда кутула албайсың! Толгон коррупционерлер ушул Улуу чындыкты билгиси келбей, жаналакетке түшөт. Эй, коррупционерим, сен ары-бери чабылба, убара тартпа, андан көрө түрмөгө ылайыктуу кийим – сийимиңди камда, Төлөгөн Касымбековдун “Адам болгум келет” деген сыяктуу китептерден калың ал, “Манасты” ал… “Агындыларды” ал… аларды окуп жата бер, анан кудай буюрган күнү бошонуп келесиң. Жогорудагы айткандар, Кулматовго жана ага окшогондорго багышталды…

Булак: “Багыт”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: