Menu

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 29- июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Пленуму болуп өттү. Анын күн тартибинде эки маселе каралды:

– Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын курамына дайындалган жаңы судьяларды шайлоо;

– “ Кыргыз Республикасынын  сотторунун кызматтык, экономикалык, мамлекеттик жана муниципалдык менчикке каршы кылмыштар боюнча жазык иштерди кароонун соттук тажрыйбасы жөнүндө” токтомдун долбоору.

Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  судьялары бир добуштан  Чынара  Садырованы   Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун  Жарандык иштер боюнча соттук коллегиясына, ал эми Аскат Сыдыковду Жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиянын курамына шайлашты.  Эске сала кетсек,  2018-жылдын  27- июнунда  Жогорку Кеңештин отурумунда Ч. Садырова менен А. Сыдыков  Жогорку соттун  судьялык кызматына   шайланышып, парламентте ант беришкен.

Ал эми экинчи  маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымынын орун басары  Качыке Эсенканов кеңири баяндама жасап,   Пленумдун  катышуучулары бир добуштан Токтомду  колдошту.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: