Menu

Шайылдабекованын “шайтан оюндан” башка иши жокпу?

Бөлүшүү:

БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова даярдаган Шайлоо кодексине өзгөртүүлөр сынга алынууда. Көрсө, бул сунуштарга ылайык, мындан ары президент же депутат болуш үчүн жогорку билим дипломуна ээ болушуң керек экен. Ушуну менен эле долбоор чийки даярдалып калганын байкаса болот. Билген адистер, бул сунуш түздөн-түз Конституция гарантиялаган шайлоо укуктарын чектеп, дискриминацияга алып келет деп күйүп жатышат.  Негизги мыйзам боюнча, ар бир жаран шайлаганга жана шайланганга укуктуу. Ал укугунан пайдалануусу кайдагы бир университет эмес, тамга таанышына дагы көз каранды болуп  шартталбайт. Чын эле, Нуржан айымды уксаңар, эртең Манас тирилип келип, депутат болот элем десе жарабайсың деп кууп чыкчудай болуп туру. Жасалма дипломдордон башыбыз айланып турганда, Конституцияга каршы келген мыйзамдарды көбөйтүүнүн эмнеси пайда? Жөн эле элди кыйнай беребизби?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: