Menu

Канат Исаев акталып, ордуна Абдил Сегизбаев камалабы?

Бөлүшүү:

Былтыр шайлоо кызып атканда Канат Исаевди бийлик камакка алган. Фракция жетекчиси, кыргыз эл депутатын Сегизбаевдин УКМКсы апыртма сөздөргө таянып, жасалма видео тасма чыгарып, «бийликти төңкөрүш менен басып алууга даярдык көргөн” деген доо коюшкан. Бул дооматтар суу кечпей турганы ошол эле замат деталдуу түрдө төгүнгө чыгарылганына карабастан, Исаевге тез арада он жыл мурун Токмок шаарынын мэри болуп турганда, мыйзамсыз базарга жер бөлдүртүп берген деп 4-январда 12 жылга эркинен ажыратылган. Январь айында Сегизбаев менен Жолдубаевалардын күчү күч болуп турган кези. Эми мына алты ай өтпөй Бишкек шаардык соту толугу менен бул кылмыш ишти кыскартып салды. Канат Исаев бирок камактан бошотулган жок, анткени Сегизбаевдин “бийликти басып алмак” деп мыйзамсыз  козгогон иши дагы турат. Буюрса, жакында Исаев толук акталып, анын ордуна Сегизбаев камакка алынат деп үмүт эткендер көбөйдү.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: