Өмүрбек Текебаевдин ишин кайра башынан карап чыгуудан бийлик баш тарткан соң, коомчулукта ар кандай сөздөр көбөйдү. Айрыкча, абактагы Текебаевдин “фанаттары” “Бул бийлик деле мурункудан айырмасы жок экен. Текебаевди бошоткондон коркушту” деп, бийликке нааразы боло баштаганын жашырган жок. Өмүкенин иши эмне себептен каралбай калганы коомчулукка ачык жарыяланбаганы көп сөздүн күчөшүнө жол ачты да. Бийлик өкүлдөрү Текебаевге жана анын үй-бүлөсүнө тийиштүү мүлктөрдүн качан алынгандыгын иликтеп чыкса, дээрлик көпчүлүгү 2010-жылдагы революциядан кийин пайда болгон мүлктөр болуп чыгыптыр. Революциядан кийин мүлктү чогултуп жатса, кантип кайра ишти карамак элек деген пикирге келген соң гана Текебаевдин жактоочуларынын кайрылуусун четке кагыптыр.
Булак: “Жаңы ордо“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ