Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы Ооган согушуна катышпаса да, кызматтык абалынан пайдаланып, “катышты” деген документтерди жасатып алып, мамлекеттин эсебинен 7-8 жылдан бери пенсиясына кошумча төлөм алып жүргөн Коргоо министрлигинин башкы штабынын мурдагы башчысы генерал-майор Нурдин Чомоев мамлекетке келтирген чыгымды төлөп бергенин Аскердик прокуратура тастыктады. Эске сала кетсек, Ооган согушуна катышкандар мамлекеттен ай сайын 6 миң сом акча алышат. Буга чейин комиссия бул ишти иликтеп чыгып, өз документтерин жасалмалап, мамлекеттен акчалай жана материалдык жеңилдик алып жүргөн 159 аскер ардагерин аныктап, анын кесепетинен мамлекет 23 миллион 700 миң сом зыян тартканын билдирген. “Ата Мекен” партиясынан парламенттик шайлоого катышып, эми акыйып кезегин күтүп жаткан дагы бир генерал, Коргоо министрлигинде министрдин орун басары кызматына чейин жеткен Рысбек Мирзаматовдун да Ооган согушуна катышпагандыгы боюнча чуулуу маалыматтар чыккан. Демек, ал да мамлекетке келтирген зыянын төлөшү зарыл.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ