Ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов Чүй милициясынын жаңы начальниги Самат Курманкуловду анын коллективи менен тааныштырды. Самат Ажыгулович Курманкулов 1977-жылы Фрунзе шаарында туулган. ИИМ Академиясын бүтүргөн, милициянын генерал-майору. Самат Курманкулов далай жетекчи кызматтарда иштеген, өз ишинин профессионалы, таза жүрүп, таза иштеген милийсанын бири. Буюрса, Чүй милийсасы жакшы жетекчиге эгедер болду. Биз Курманкуловдун ишине ийгилик каалайбыз.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ