Транспорт министри Жамшитбек Калилов жакшы иштебей, министрликтеги коррупцияны азайтмак турсун күчөткөнү аз келгенсип, каратып туруп калп айтканды абдан жакшы көрөт экен. Ал эч кандай уялбай туруп Дача СУ айылына кулаган учак ичиндеги жүк Кыргызстанга, кыргыз жарандарынын бирине да тиешеси жок деп балп этиптир. Министр учактагы жүктүн ээлери: Португалия, Украина, Израиль, Испания, Араб өлкөрүнүн жарандары болгон деген жомокту айтты. Бирок кырсыкка кабылып, анын айынын 39 жараныбыздын өмүрүн алып кеткен учактагы кандуу жүктүн ээлери ким экенин эл эчак билген. Эми түштөн кийин Калилов азыраак калп айтып, азыраак дөөрүсө жакшы болмок.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ