Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин башчысы Бакыт Шаршембиевге ичи чыкпагандар нааразы болушууда. Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абулгазиев бул жигитти Жогорку Кеңештин депутаттарынын каршы болгонуна карабай, жоопкерчиликти мойнуна алып дайындаган. Ошол кезде эл өкүлдөрү Шаршембиевге мурда аталган кызматты аркалап турганда кетирген кемчиликтери боюнча кылмыш иши козголгонун, натыйжада парламенттин талабы менен кызматтан алынганын жүйө келтирген. Бирок Абулгазиев “кыйын, ишти мыкты билет” деген мактоолорду жаадырып коргогон. Көрсө Шаршембиев өкмөт башчысын аябай ыраазы кылыптыр. Эми болсо өзү билген талканын чалып жатыптыр. Сыягы, берчүмдү берип милдеткер кылып койгом, мага эч ким эч нерсе кыла албайт деп ойлойт окшойт…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ