Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттан мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбеков президент Сооронбай Жээнбеков атап өткөн бир нече тармактардагы кемчиликтерди мурунку бийликтин иштерине баа берүү катары эсептээрин билдирди. Бул туурасында: “Баа катары санасак да болот. Демек ошол жерлерде маселе бар экенин көрүп жатат. Ал маселелерди чечиш үчүн аткаруу бийлиги тапшырма алды деп түшүнүш керек” – деп айтты. Бул пикири аркылуу Турсунбеков Жээнбеков Атамбаевдин ортосунда тиреш уланып жатат дегенди кыйытты. Арийне, президенттин коррупциялык күрөштө эч кимге жан тартуу болбой турганын эскертүүсү Чыныбай мырзага дагы тиешелүү десек жарашат. Анткени мурунку бийликтин тушунда менчиктештирип алган “Бишкек ликер арак заводу” менен “Акылинвестбанк” боюнча көп суроолор бар.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ