Парламент депутаты Аалы Карашев “Улутгук энергохолдинг” абоненттерге орнотуп жаткан “акылдуу” эсептегичтерди жогорулатылган баада сатып алып жатканын билдирди. Эл өкүлү коңшу өлкөлөрдү мисалга тартып, “акылдуу” эсептегич чыгарган ишкана ачууну сунуштады.
– “Акылдуу” эсептегичтерди коррупциялык жол менен үч эсе кымбат баада алып жатасыңар. Канчанкыга чейин сырттан, Кытайдан аласыңар? Өзүбүздө чакан ишкана ачып, эсептегичти чогултса болбойбу? Жасабайсыңарбы.
“Улуттук энергохолдингдин” өкүлдөрү маселе каралып жатканын билдиришти.
Кыргызстанда электр эңергиясын колдонгон 1 млн. 400 миң абонент бар. Анын 204 миңине гана “акылдуу” эсептегич орнотулган. “Улуттук энергохолдинг” бир “акылдуу” эсептегичти фазасына байланыштуу 5000 сомдон 9000 сомго чейин сатып алууда.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ