Menu

Зарылбек Рысалиев, ЖК депутаты: “Милиция болуп иштегендердин көбүнүн билим деңгээли тайкы, этиканы, ишти түшүнбөйт, ошондуктан мушташып жүрүшөт”

Бөлүшүү:

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына караштуу Биринчи май райондук милициясынын эстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөш кызматынын башчысы кол астындагы кызматкерин токмоктогон факты катталды. Окуя аз күн мурун болгон. Ур-тепкиге алынган кызматкердин саламаттыгы оор жана ал ооруканага жаткырылганы кабарланууда. Анын баш сөөгү менен мурду сынып, кулагы айрылган. Жетекчи менен анын кол астында иштеген кызматкердин ортосунда эмнеден улам чыр чыкканы азырынча айтыла элек. Ишти министр Кашкар Жунушалиев өз көзөмөлүнө алып, тийиштүү материалдар прокуратура органдарына жөнөтүлгөнү маалым болду. Ага чейин 3-июнда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын башчысы өзүнүн иш бөлмөсүндө кол алдындагы кызматкеринин кол салуусуна дуушар болгону белгилүү болгон. “Жетекчисине кол көтөргөн” деп шек саналган милиция кызматкерине кылмыш иши козголгон. Токмок жеген бөлүм башчы Оштогу облус аралык бириккен клиникалык ооруканасына жаткырылып, милициянын полковниги денесинен анча оор эмес жаракат алганы аныкталган. Милициядагы мындай башаламандыктын келип чыгуу себептери боюнча ИИМ тармагын жакшы түшүнгөн айрым адистерге кайрылып, ойлорун уктук…

Зарылбек Рысалиев, Жогорку Кеңештин депутаты:

-Милициялардын ич ара чатакташканы милициядагы баалуулуктардын жок болуп баратканынан кабар берет. Милиция болуп иштегендердин көбүнүн билим деңгээли тайкы, кызматтык этиканы, милициянын ишин жакшы түшүнбөгөндүктөн улам ушундай жат көрүнүштөр орун алууда. Милициянын тартибин жогорулатуу керек. Ички жагдайды оңдобосо болбойт. Көп милициялар жумушка тааныш аркылуу кабыл алынат. Көптөрүнүн тартиби эске алынбай калат. Кабыл алынган жаран милиция болуп иштей алабы? Ага маани берилбей калган учурлар көп болоорун билем. Ошондон улам ушундай жагымсыз көрүнүштөр орун алуудабы деп ойлойм.

Өмүрбек Кутуев, генерал-майор:

-Аталган чуулуу иш боюнча кызматтык иликтөө жүрүшү керек. Милициянын ичинде мындай көрүнүштүн орун алышы өтө уят. Күнөөлүү милиция сөзсүз жоопко тартылышы керек. Бул деген мыйзамды сыйлабастык, милициянын атын булгагандык болуп эсептелет. Жакында болгон Бурулай аттуу кыздын өлүмүндөгү милициялардын шалаакалыгы милициянын деңгээлин бир топ түшүрүп койду. Тартип сакчыларынын деңгээлин жогорулатып, кызматтык тажрыйбаларын өстүрбөсө болбой калды.

Жолдошбек Бузурманкулов, полковник:

-Жетекчи кол алдындагы милиционерге кол көтөрмөк тургай, ага чыпалагынын үчүн тийгизгенге дагы акысы жок. Милициянын уставында милициялар бири-бирине “сиз” деп гана сылык-сыпаа кайрылуусу керектиги бакыйып жазылып турат. Тилекке каршы, бизде ага болбой эле, алдуусу алсызын сабап жатпайбы. Мындай тартипсиздик милициялардын абийири кеткендигинен кабар берет. Кой деген кожо жок, милициялар өз билгенин кылгандыктан ушундай көрүнүштөр күчөп жатат десем жаңылышпайм. Азыркы милициялар кандай иштешет?.. Эртең менен жумушка келет. Тапанчасын алат да көчөгө кетет. Кечинде жумушка келет. Тапанчасын тапшырат да үйүнө кетет. Болду, андан башка милициялар менен тартип, жүрүм-турум, эл менен иштөө боюнча эч иш алып барылбайт. Ошол себептен милицияда ушундай тартипсиздиктер күч алууда. Өлкө эгемендүүлүк алганы 30 дан ашуун киши ИИМ министри болуп иштешти. Бир тобу менен мен ИИМдин басма сөз катчысы болуп тыгыз иштешип калдым. Ачык айтайын, мен иштешкен жана мен билген министрлерден бирөө дагы дал ошол жогоруда айткан милициянын тартиптүүлүгү, жүрүм-туруму боюнча тиешелүү деңгээлде иш алып барышкан эмес. Азыр деле иш алып барылбай келе жатат. Азыркы министр Кашкар Жунушалиевге көптөр ишеним артып жатышат. Балким Кашкар иним мен айткан жагдайларга көңүл бураттыр…

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 21 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: