Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаев жамы кыргыз журтунун алкоосуна татый турган ири саамалыктын бирин баштап, парламент трибунасынан кыргызды карыздан куткаруу демилгесин көтөрүп, атайын эсеп ачууну демилгелеп, ал эле эмсс өзү баштап ал эсепке адегенде 1 000 000 (бир миллион) сом котороорун билдирген. Көп өтпөй сумманы 10 эсеге ашырып, 10 000 000 (он миллион) сом бере тургандыгын айтты. Албетте, бул чоң эрдик да. Ушул кезге чейин өлкөдөгү чириген байлардын бири дагы мындай түптүү демилгени көтөрүп чыкканга жараган эмес. Дегенибиз, байлык жагынан салыштыра келгенде Камчыбек Жолдошбаев далай көпөстөрдүн чаңында калат. Бирок, Камчыкең жүрөгү эл деп согуп, жүлүнү жер деп зыркырарын далилдеп, кашыктап жыйнаган ырыскысынын бир чекесин кыргызга багыштап отурат. Ток этээрин айтканда, аң-сезимге бүлүк салуучу чоң ишти баштады. Эми ар кайсы түстүү журналга миллиондогон доллары менен мактанган нойондор демилгени колдогонго аргасыз болот. Анткени, азыр айылдагы ардагерлер дагы депутаттын өзүнө келип, пенсиясын которгону жатыптыр. Артынан түрдүү сөз ээрчиген кайран Камчыкебиз эми так ушул кадамы менен тарыхта калды окшойт. Баракелде!
Булак: De – Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ