“Балам бол, башка бол
Баарыңа мыйзам бирдей”.
( Ж. Баласагын. Х к.)
КР президенти СШЖ (08. 02. 2018- ж.) өткөн Коопсуздук Кеңешинен кийин Башкы прокуратурага “мурда токтотулган, жабылган кылмыш иштерин кайрадан карап тактап ал иштерди жандандыруу боюнча тапашырма берген. Өткөн аптада Башкы Прокуратура “ мурда токтотулган 498 иши, жабылып калган 85 ишти тергөөгө кайтардык”-деп билдирди.
ЖК депутаты Исхак Пирматов (Максим Бакиевдин досу) 2008-2010 жылдары Кочкор-Атадагы 85% үлүшү мамлекетики болгон “Кыргызнефтегаз” АКсын башкарып турганда казынага 258 миллион сом зыян келтиргендиги үчүн Башкы Прокуратура ага 2012-жылы Кылмыш Кодекстинин 173 жана 221- беренелери менен иш козгоп, бирок ал кездеги Башкы прокурор А. Салянова ЖК депутаттарынан “И. Пирматовдун кол тийбестигине макулдук бергиле” деп кайрылганда 89 депутат макулдук беришкен эмес. Мындайча айтканда депуттаттар ууруну ачык эле коргоп калышкан. Ошондо А. Салянова парламентте “бул иш убактылуу токтотулат бирок жабылбайт”-деп билдирген. Эми болсо учурдун талабына ылайык И. Пирматовдун токтотулган ишин кайра дароо баштаса болот, парламентке кайрылбай эле. Бирок, негедир иш акыйкаттуу агымда жүрбөй жатат. Албетте, мындай кожокөрсүндүк кылуу коомчулукта аркандай пикирлерди жаратып жатат. Мисалы, 20016-жылы ЖК депутаты А. Саляновага Башкы Прокуратура депутаттардын макулдугу жок эле ККнын 304 беренеси менен иш козгоп, тергөө жүрүп, ( А. Салянова 2010-жылы Юстиция министри кезинде М. Бакиевдин досу А. Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткандыгы үчүн) сот болсо А. Салянованы 5 жылга эркинен ажыратты. БШК болсо А. Салянованын депутаттык мандатын тартып алып койду. Дагы бир мисал, “2011-жылы жубайынын 2001-жылкы 10 миң доллардык машинасын КР Эсеп Палатасына мыйзам бузуу менен саткандыгы үчүн”-деген айып менен 2016-жылы ЖК депутаты А. Шыкмаматовго да кылмыш иши козголуп, (КР ККнын 303, 312 беренелер) тергелип, азыр соттук териштирүү жүрүүдө.
Эми, казнага 258 млн. сом зыян кылган И. Пирматовдун, А. Салянова, А. Шыкмаматовдун иштеринин оордугун өзүңөр салыштыргыла. Ал кезде валютанын курсу 1доллар 28сомдон 38 сомдун ортосунда болгон. 258 млн сом, бул силердин айлык маяна, балдарыңардын пособиясы, пенсияңар эле.
Булак: «Айгай пресс»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ