Menu

АКШга качып кеткен Аскарбек Шадиевге үчүнчү кылмыш иши козголду

Бөлүшүү:

Бүгүн, 2-июлда белгилүү болгондой 29-июнда КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов КР Жогорку Кеңешинин депутаты Аскарбек Шадиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 183-“арам табылган акчаларды адалдоо” беренеси боюнча үчүнчү кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Башкы прокуратура бул кылмыш ишин иликтөөнү УКМКнын тергөө башкармалыгына тапшырды.

Буга чейин, 28-апрелде  Башкы прокуратура Аскарбек Шадиевге КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллардын уурдалганына байланыштуу да Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козгогон.

Андан кийин 25-июнда Башкы прокурор Шадиевге карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 346- “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси боюнча иш козгогон. Бул иштердин баарына тергөө амалдарын жүргүзүүнү Башкы прокуратура УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгына тапшырып келатат.

Ал арада Аскарбек Шадиев АКШга качып кеткени белгилүү болгон.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: