Министрликте жана мекемеде коррупциялык схемалар барбы-жокпу, ар бир аткаминер жекече текшерилет. Мындай талапты кечээ, 2-июлда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери менен өткөргөн жыйында койду.
Мамлекет башчы 1-июлдан тартып декларациялык өнөктүк башталганын эске салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарыл экенин эскертти.
«Бир да арыз же кат көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин чечкиле. Мамлекеттик органдардын жоопторунда будамайлоо болбошу керек», – деди ошондой эле Сооронбай Жээнбеков.
Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ