Menu

Өзбекстанда 15 жыл мурун өлгөн аялдан коммуналдык карыз төлөөнү талап кылышууда

Бөлүшүү:

Өзбекстанда Мажбурлап аткартуу бюросу Наманган облусунун жашоочу Мархабат Эшматовага электр энергия жана газ үчүн карыздарды төлөө керектигин талап кылган билдирме жөнөттү. Бирок Эшматованын туугандары аял он беш жыл мурун өлгөнүн билдиришүүдө.

Мажбурлап аткартуу бюросу жөнөткөн билдирмеде карыздын көлөмү 86.120 сум (11 миң долларга жакын) экени жазылган.

​Мархабат Эшматованын туугандарынын биринин айтымында, эжеси ооруп, 2003-жылы каза болуп калган. Андан эки жыл мурун күйөөсүнүн көзү өтүп кеткен. “Биз анын үч баласын багып алганбыз, үйү сатылып кеткен. Бирок 15 жылдан кийин коммуналдык карыздарды төлөө боюнча билдирме келди”, -деди ал. Мажбурлап аткартуу бюросуна кайрылышканда, карызды төлөө керектигин айтышкан.

​Бюронун атын атагысы келбеген өкүлү Эшматовага карыз чегерүү учурунда мекеме кызматкерлери тарабынан ката кеткен болушу мүмкүн экенин билдирди. Бирок бул боюнча кошумча маалымат берген жок.

Өзбекстан Башкы прокуратурасынын алдындагы Мажбурлап аткартуу бюросу 2017-жылы президент Шавкат Мирзиёевдин жарлыгынын негизинде түзүлгөн. Мекеме энергоресурстар үчүн төлөмдөрдүн толук жана убагында чогулушуна жооп берет.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: