Menu

Эмомали Рахмон: Туристтерден пара талап кылгандар – улут саткындары

Бөлүшүү:

Тажикстан президенти чет өлкөлүк туристтерден жана саякатчылардан пара талап кылып, орой мамиле жасаган күч түзүм кызматкерлерин катуу жазалоону тапшырды.

“Мындай кишилерди улут саткындары катары жарыялоо керек”, -деп билдирди Эмомали Рахмон Согди облусунун активдери менен жолугушуу учурунда.

Тажик лидеринин айтымында, паракор жана орой күч түзүм кызматкерлеринин айынан туристтер Тажикстанга келүүдөн баш тартышууда. “Эң эле жаманы – дүйнөлүк аренада өлкөнүн кадыр-баркы кетүүдө”, – деп белгиледи Эмомали Рахмон.

Рахмон конокторду жана туристтерди улуттук маданият, каада-салт менен тааныштыруу – чек ара жана бажы өткөрмө бекеттеринен башталарын эскертти. Президент милиция кызматкерлери, бажычылар жана чек арачылар мындан ары туристтерден акча талап кыла турган болсо, катуу жазага тартыларын айтты.

https://www.centralasian.org/a/tajik-tourism-asia-europe-bribery/29262786.html

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 13 = 17

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: