Menu

Фото – Президент Жээнбеков шайлоодогу негизги атаандашы Бабановдун баласына “Алтын сертификат” тапшырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 3-июлда КР президенти Сооронбай Жээнбеков Мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында быйылкы окуу жылынын аягында жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча эң көп балл алган 66 бүтүрүүчүгө “Алтын сертификаттарды” тапшырды.

“Алтын сертификаттардын” ээлери Кыргызстандагы каалаган Жогорку окуу жайынын бюджеттик бөлүмүнө эксзаменсиз кабыл алынат. Андан сырткары президент 66 бүтүрүүчүгө ноутбук жана акчалай сыйлыктады тапшырды.

КР Билим берүү жана илим министрлигинин билдиргенине караганда, эң жогорку баллдын ээси – 237 балл алган Бишкектеги №70-мектеп-гимназиясынын окуучусу. Экинчи орунда 232 балл менен Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61-мектептин окуучусу, 3-орунга ушул эле мектептин окуучусу 231 балл менен чыккан. Ушул эле мектептин бүтүрүүчүсү Нурэмир Бабанов 224 балл менен президент Сооронбай Жээнбековдун колунан алтын сертификат алды. Нурэмир өткөн жылы президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон Өмүрбек Бабановдун  уулу болот. 
Жалпысынан быйыл 45 миң 607 окуучу тест тапшырган, анын ичинен 29 миң 49 окуучу кыргыз тилинде, 16 миң 558 бүтүрүүчү орус тилинде тапшырган. Окуучулардын алган орточо баллы бул жылы 119,4 болду, өткөн жылы бул көрсөткүч 117,8 балл болчу. Босого балл болгон – 110 баллдан өткөн окуучулардын саны 26 миң 180ди түзүп, алар өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 110 баллдан кем тапшыргандар окуу жайларына тапшыра алышпайт. Жалпы жыйынтык боюнча, тест тапшыргандардын 57 пайызы босого баллдан өткөн. Өлкө боюнча 119 тест борборлору иштеп, 45,6 миң окуучуну тесттерден өткөргөн.
Шайлоо алдындагы теледебатта беттешкен Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабанов кайым айтыша кетип, Жээнбеков Бабановго “Президент болуп калсам коррупцияга каршы күрөштү эң биринчи сенден баштайм. Менде 35 коррупционердин тизмеси бар” деп эскерткен. Шайлоо бүтөрү менен өлкөдөн качып кеткен Бабановго Атамбаев ачтырган кылмыш ишин, Жээнбеков күчүндө калтырды.

Булак: Кyrgyztoday.кg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: