Чүйдүн Сокулук районунда баңгизатын бышырылган тоок этине ороп алып бара жаткан үч киши колго түштү. Мурдагы күнү Сокулук – Бишкек жолунда шектүү “Ауди” үлгүсүндөгү машине токтотулган. Аны текшере келгенде шприцтер жана азык-түлүк салынган баштык табылган. Азык-түлүктүн арасынан тоок этин жакшылап текшергенде, анын ичинен баңгизаты чыккан. Кармалган жарандар 1959-1985-1992-жылы туулган жарандар экени белгилүү болду.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ