Menu

Ак үй: АКШ Крымдын аннексиясын тааныбайт

Бөлүшүү:

Кошмо Штаттар Орусиянын Крымды аннексиялап алышын тааныбайт жана жарым арал Украинага кайтарылмайынча санкцияларды албайт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Ак үйдүн басма сөз катчысы Сара Сандерс билдирди.

“АКШнын бул маселе боюнча позициясы өзгөрдүбү?” деген суроолор өткөн жума күнү Трамп аннексияланган Крымды Орусиянын аймагы деп таануу боюнча суроого “көрөбүз” деп жооп бергенден кийин пайда боло баштаган.

Сандерс 16-июлда “Хелсинкидеги АКШ-Орусия саммитинде Крым жарым аралы талкууланабы?” деген суроого эч кандай жооп берген жок.

Дүйшөмбү күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков президент Владимир Путин АКШнын мамлекет башчысы Дональд Трамп менен Орусия өзүнүн бөлүгү деп санаган Крым аймагынан башка бардык маселени талкуулоого даяр экенин билдирген.

Трамп менен Путиндин жолугушуусу 16-июлда Хелсинкиде болот. Бул – эки лидердин алгач ирет атайын уюштурулган жолугушуусу. Мурда алар эл аралык жыйындардын алкагында жана телефон аркылуу гана сүйлөшкөн.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 + = 91

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: