Menu

Түндүк корея башчысы Кытай лидеринен санкция боюнча жардам сурады

Бөлүшүү:

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын экономикалык санкциялар өлкөгө оор кесепетин тийгизип жаткандыгын айткан.

Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын Кытайга болгон сапарынын учурунда аталган мамлекеттин лидери Си Цзиньпинден эл аралык санкциялардын алынышы боюнча жардам сурады. Бул туурасында РИА Новос­ти “Иомиури” басылмасына шилтеме кылып жазды.

“Ким Чен Ын Кытайда Си Цзиньпин менен жолукканда “экономикалык санкция­лар оор кесепетин тийгизип жатканын, АКШ менен болгон саммиттен кийин санкциялардын эртерээк алынышына үмүт кыларын” айткан. Ал санкцияларды жакын арада алдыруу боюнча көмөк көрсөтүүнү суранды”, — деп жазылган макалада.

Гезит мындай өтүнүчкө Си Цзиньпиндин “колдо болгон аракет жасаларын” айткандыгын жазды.

Ким Чен Ын 19-20-июнда Кытайга эки күндүк сапар ме­нен келген. Бул Түндүк Корея лидеринин акыркы үч айда коңшу өлкөгө жасаган үчүнчү сапары болгон. Анда эки жетекчи АКШ — Корея саммитинин жыйынтыгын сүйлөшүп, пикир алышкан.

Июндун башында АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореяга болгон санкция­ларды дагы бир жылга узарткан.

Булак: “Тамчы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 16 + = 26

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: