Menu

Ош-Бишкек жолу. Маданияттан Жалал-Абадга чейинки жер 60 млн. долларга оңдолот

Бөлүшүү:

Өлкө башчысы тийиштүү мыйзамга кол койду.

Бишкек — Ош автожолунун Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки бөлүгү 60 миллион долларга оңдолот. Тийиштүү макулдашууга президент Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, каражат Евразиялык банк менен түзүлгөн келишимдин алкагында Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондусунан бөлүнмөкчү.

2018-жылдын 11-июнунда подрядчы болгон Azvirt (Азербайжан) компаниясы менен келишимге кол коюлган. Анын алкагында КР Транспорт жана жолдор министрлиги жана Azvirt компаниясынын ортосунда подрядчынын күнөөсү боюнча курулуш иштери кечиктирилген учурда келишимдин 19 пайызы өлчөмүндө айып санкцияларын кароо макулдашылды. Башка курулуш иштери боюнча келишимдик айып санкциялары 10 пайызды түздү.

Маданият айылынан Жалал-Абад шаарына чейинки аралык 67 чакырымды түзөт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Булак: “Тамчы” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 40 − 35 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: