Бүгүн, 3-июлда Бишкектеги Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын директору Александр Кулинский кызматынан кетип, ордуна Евгений Кузнецов дайындалды. Бул тууралу КР Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Театрдын буга чейинки директору Александр Кулинский 2013-жылы парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лоббиси менен бул кызматка дайындалганы кыргыз басма сөзүндө кеңири кеп болгон. Ошондон бери 5 жыл бою абройлуу орус театры ызы-чуу менен жаңжалдан башы чыкпай келди. Театрдын коллективи атамекенчи директор Александр Кулинскийди каржылык мыйзам бузуулар жана өз билемдикке айыпташып, бир канча жолу кетирүүгө аракет кылышкан. Ал эми акыркы айда Кулинский өзү арыз жазып бергени белгилүү болду.
Ал эми жаңы директор Евгений Кузнецов 42 жашта. Буга чейин Бишкек мэриясында, андан кийин КР өкмөтүнүн аппаратында иштеп келген.
Бүгүн Евгений Кузнецовду театрдын коллективине КР Маданият министринин орун басары Айнура Султанбаева тааныштырып, анан директордун креслосуна олтургузуп кайтты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ