Menu

Орусия: өзбек жараны пенсионердин 300 миң долларын уурдаган деп шектелүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстандын жараны Подмосковьедеги Сатино-Русское кыштагында жашаган пенсионердин 300 миң долларын уурдап кеткен деп шектелүүдө. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги укук коргоо органдарындагы өз булактарына таянып жазды.

«Белгисиз адамдар 1953-жылкы пенсионердин 300 миң долларын уурдап кетишкен. Акча үйдүн үчүнчү кабатында картон кутучуда болгон», — деп билдирди булак.

Анын айтымында, бул кылмышка пенсионердин үйүндө 10 жыл ар түрдүү жумуштарды аткарып иштеген Өзбекстан жараны шектелүүдө.

Булактын белгилешинче, тергөө шектүү Орусиядан чыгып кеткен болушу мүмкүн деп божомолдоодо. Бул иш боюнча ири өлчөмдө акча уурдоо беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 89 − 87 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: