Menu

Швецияда эми макулдашылбаган жыныстык катнаш зордуктоо катары эсептелет

Бөлүшүү:

Швецияда 1-июлдан тарта сексуалдык кылмыштар тууралуу жаңы мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, эки тарап үчүн тең түшүнүктүү болгон макулдук жок жыныстык катнаш кылмыш катары эсептелет.

Эми эркек менен аял жыныстык катнашка оозеки макулдугун билдирип же ага катышуу каалоосун ачык көрсөтүшү керек болот. «Зомбулук же коркутуу болгон-болбогонуна карабастан, эгер катнаш эки тараптын тең өз каалоосу менен болбосо, анда ал кылмыш катары каралат», – деп жазды РБК Швециянын The Local басылмасына шилтеме кылып.

Мыйзамда мындан ары айыпталуучу өнөктөшүн зордуктоону каалабаган болсо дагы соттолуп кетиши мүмкүн экени жазылган.

Муну менен Швеция макулдуксуз жыныстык катнашты зордуктоого теңеген Европадагы онунчу өлкө болуп калды.

2010-жылы WikiLeaks сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Швецияда эки аялды зордуктаган деп айыпталган. Ал өзү зордукталган делген ыктыярчы аялдар аны менен жыныстык катнашка өз каалоолору менен барганын айтып келет. Ассанж бул айыптоону сайтына бир катар өкмөттөр менен ири корпорацияларды оор абалга кептеген дипломатиялык жазышуулардын үзүндүлөрүн жарыялаганы менен байланыштырууда.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 59 + = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: