Menu

Фото – Быйыл ЖРТдан эң жогорку – 237 балл алган Бишкектеги №70-мектептин бүтүрүүчүсү Айлин Албанова болду

Бөлүшүү:

КР Билим берүү жана илим министрлигинин билдиргенине караганда, эң жогорку баллдын ээси – 237 балл алган Бишкектеги №70-мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Айлин Албанова болду.

Айлин Албанова 1-класстан 10-класска чейин Бишкектеги физика-математикалык №61-мектепте окуган, 11-классты №70-мектепте бүтүргөн. Эми ал “Алтын сертификаттын” ээси катары каалаган Жогорку окуу жайына экзаменсиз кабыл алынат. Айлин Бишкектеги Борбор Азия Америка университетин тандаганын журналисттерге билдирди.

Экинчи орунда 232 балл менен Бишкектеги физика-математикалык багыттагы №61-мектептин окуучусу, 3-орунга ушул эле мектептин окуучусу 231 балл менен чыккан. Демек балдарды №61-мектептен окуткула. Бирок ал мектепте кыргыз тилинде билим алгысы келгендерге ушундай билим бере алышабы? Ошондой мүмкүнчүлүк барбы?

Жалпысынан быйыл 45 миң 607 окуучу тест тапшырган, анын ичинен 29 миң 49 окуучу кыргыз тилинде, 16 миң 558 бүтүрүүчү орус тилинде тапшырган. Окуучулардын алган орточо баллы бул жылы 119,4 болду, өткөн жылы бул көрсөткүч 117,8 балл болчу. Босого балл болгон – 110 баллдан өткөн окуучулардын саны 26 миң 180ди түзүп, алар өлкөдөгү окуу жайларга тапшыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 110 баллдан кем тапшыргандар окуу жайларына тапшыра алышпайт. Жалпы жыйынтык боюнча, тест тапшыргандардын 57 пайызы босого баллдан өткөн. Өлкө боюнча 119 тест борборлору иштеп, 45,6 миң окуучуну тесттерден өткөргөн.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Сүрөттөр Султан Досалиевдики

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 + = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: