Menu

Рустам Мамановдун тагдыры эмне болду?

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин экс-депутаты, меценат. “Улут жүзү” коомдук фондунун төрагасы Рустам Мамановдун камакка алынганына эки айдын жүзү болсо да, эл сүйгөн патриот уулубуздун чынында эмнеге камалгандыгы тууралуу УКМК тыңдуу жооп бербей жатканы таң калыштуу.

Айрым маалыматтарга караганда, кытайлык эл аралык шылуун аферисттердин тоголок катын негиз кылышып, ишкерди камап, жеке өздөрүнө бирдеме өндүрүп алууну көздөгөн топтун сыйыртмагы экени айтылууда. Арадан эки ай убакыт өтсө да, камарын камап алышып, айыбын таба алышпай, ишти сотко өткөзө албай убара тартышканы чынбы? Рустам Мамановдун президенттик шайлоодо азыркы президентти бардык жагынан колдогонун мурда укпаган немелердин башын катып, “президент коррупцияга каршы күрөштө дос-тууганга карабайм дегени менен, бул үкасин камап, күнөөсүн далилдей албаган бизди соо калтырбайт эми”- деп тынчсызданып, айласы кетип жатканы кандай? Более того, буларга кошумча айтсак, 2010-жылдагы июнь окуясында Жээнбеков губернатор, ал эми Маманов коменданттын орун басары бирге күнү-түнү жүрүп, тынчтыкты орнотууга аракет жасашкан. Мунун баарын Жээнбеков бир күндө унутуп койду десеңер жаңылышасыңар, анткени, ажо мыйзам сыйлаган адам катары тергөөнүн бүтүшүн күтүп жатыптыр. Эгер Р.Мамановго түз жеринен сыйыртмак салышканы далилденсе, ага тузак салгандарга токтоосуз, катаал чара колдонулат, буга бөркүңүздөй ишене бериңиз.

(Кийинки санда Мамановдун тагдырына байланыштуу сенсациялуу жагдайлар жөнүндө сөз кылабыз).

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 69

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: