Menu

Жээнбеков ар бир жетекчини текшерүүнү тапшырды

Бөлүшүү:

Бизде жетекчи деген сөз жеп- ичер деген эле мааниге ээ болуп калган эмеспи. Андыктан ар бир эле мамлекеттик мекемеге жетекчи болуп дайындалган чиновник кантип эл менен мамлекеттин эсебинен байысам деген гана максатты көздөп калган. Булардын айрымдары гана кокусунан же саясый көз карашы менен географиясы жана биографиясы жаңы бийликке жакпай калганда былыктары чукуланып, жеген-ичкендери ачыкка чыгып калууда. Чындыгында четтен текшерсе, баардыгынын эле арты таза эмес. Ушул жагдайды түшүнгөн президент С.Жээнбеков 2-июлда Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын кызматкерлери ме­нен өткөргөн жыйында мындан ары министрликте жана мекемеде коррупциялык схемалар барбы- жокпу, ар бир аткаминер жекече текшериле тургандыгын билдирди. Мамлекет башчы ошондой эле 1-июлдан тартып декларациялык өнөктүк башталганын эске салып, бардык мамлекеттик кызматкерлердин кирешеси жана чыгымдары тууралуу декларацияларын кылдат текшерүү зарыл экенин кошумчалады. “Бир да арыз же кат көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин чечкиле. Мамлекеттик органдардын жоопторунда будамайлоо болбошу керек”,- деди С.Жээнбеков. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мындан эки жыл мурда 800гө жакын мамлекеттик кызматкерге карата коррупцияга байланыштуу кылмыш иши козголгон. Алардын көбү казынага кол салып, арты жүз миңдеген, алды миллиондогон сомдорду жеп коюшкан. Баарынан өкүнүчтүүсү бул уурдалган акчанын ондон бир бөлүгү да кайра кайтарылган эмес. Себеби ошол эле акчанын күчү ме­нен соттордун оозун майлап, суудан кургак чыгып кетишүүдө. Эми “эрдик кылсаң сүрө кыл”,- демекчи, Президент жеп-ичкендерди кустурса жакшы болот эле.

Булак: “Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 14 − 11 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: