Menu

Жээнбеков келгени соттор адилеттүүлүккө ыктай баштадыбы?

Бөлүшүү:

Кечээ жакында Жогорку соттун үч судьясына кылмыш ишинин козголушу коомчулукта абдан жакшы резонанс жаратты. Эгемен тарыхыбызда биринчи жолу кездешип жаткан бул окуяга байланыштуу президент С.Жээнбековго ыраазычылык билдирген посттор соцтармактарда жайноодо.

Андан көп өтпөй, канчалаган жылдардан бери “үнүбүз Кудайга жетсе да, ушул сотторго жетпей койду”- деп президентке кайрылган “Кыргыз соода биримдиги” коомунун соттогу талашы боюнча акыйкат чечим чыкканы кабарланды. Аталган коом “Карасуу” базарындагы менчик угугун негизсиз тартып алышканына даттанып, соттордо канча жылдардан бери “жашап” келатышат. Көрсө, кезегинде мыйзамдарга карап койбой эле, аталган биримдик ээлик кылган базар үлүшүн “Карасуу Эл Базары” мамлекеттик ишканасы тартып алган экен. Биримдиктин Ош облустук керек-жарак коомунан “Карасуу” базарындагы мен­чик укугун сатып алган келишимин соттон чечим чыгартып, алып коюшканы эми белгилүү болуп, бул жаңы жагдайлар сот олтуруму Жогорку сотто болду.

“Кыргыз соода биримдигинин” өкүлү Анарбай Эргешов 2006-жылкы алды-сатты келишимин жокко чыгарган сот чечими доогердин жасалма фактысынын негизинде бузулганын айткан: Жолборс Осмонов 2006-жылдагы сотко жазган арызында аны 2004-жылы Ош облустук керек-жарак коому ага сатканын жазган. Анан сот «ал бирөөнүн мүлкү менен кошо сатылган» де­ген негизде алды-сатты келишимин жокко чыгарган. Биз кийин ал чечимге каршы кайра даттанганда Жолборс Осмонов кийинки соттогу түшүнүк катында «бул жер ага акысыз берилген» деп жазган. Анан сот буга да макул болуп, «ага бекер берилиптир» деп чечим чыгарып жатат. Анан биз бул боюнча Финансы полициясына кайрылганбыз. Анан ал ишти иликтеп чыгып, 2004-жылдагы мына ошол 183-токтом жасалма экенин таап чыккан. Анткени ал арызынын биринде базардагы жерди «са­тып алдым» десе, экинчисинде болсо «бекер алгам» деп жазып жатат. Сот болсо анын ошентип эки ача берген көрсөтмөсүнө эмнегедир баа берген эмес. Бул жерде фактыларды бурмалоо болгон”.

Ошентип, 2007-жылы “Кыргыз соода биримдиги” чындыкка жеткени калганда, оюнга Манасбек Үсөнов деген кошулуп кеткенин А.Эргешов айтты: “Манасбек Үсөнов деген адам “Карасуу Эл базарын” түзө калып, анан 2005-2006-жылдардагы Жолборс Осмоновдун пайдасына чыккан сот чечимдерин күчүндө калтырып берүүнү өтүнгөн. Анан эле базарды ошол кездеги бийликтин кийлигишүүсү менен «Карасуу Эл базары» кылып өткөрүп алган. Макул. Ал эл базары болсун. Бирок Манасбек Үсөнов 13 жылдан бери ошол «мамлекеттики болду» деген базарды өзүнүн жеке кызыкчылыгына колдонуп келгенин кандайча түшүнсөк болот? Анткени Коопсуздук кеңеши түзгөн комиссиянын тыянагында ырасталгандай, базардын аймагындагы жер тилкелери чекесинен сатылып кеткен”.

Бул маселе боюнча “Кыргыз соода би­римдиги” президент Жээнбековго жакында кайрылуу жолдогон. Ажо башынан бери сот адилеттүүлүгү үчүн катуу күрөшөрүн айтып келсе, мынабу сот процесси анын өтөөсүнө чыга баштаганынын далили бол­ду. Көптөн бери акыйкаттуулукка жете албай, менчиги ар кимдин төо бастысына алынып келаткан биримдиктин акыйкатуулукка жетишине жол ачкан президент Жээнбековго жакшы сөз айткандан башка кеп жок. Жогорку сот да акыры жүзүн элге карай бура баштагандай, болсун, болсун…

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 84 − 78 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: