Menu

Атамбаев менен Исаков “Центерра Голддон” 40 млн. доллар параны неге алган? 

Бөлүшүү:

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна караштуу “Коёндуу-Кара-Сай” аймагында алтындын ири запасы бар. Муну жөнөкөй жаран кайдан билсин? Бирок, “Кумтөрдү” куруткандар бул кенге да көзүн кызартып, казып алуу аракетин жасай баштаптыр. Аракети күч экен, ыргыткан арканы түз эле А.Атамбаевдин мойнуна барып илиниптир. Болбосо мындай ири кенди казуу маселесин майда чабактар чече албасы бештен белгилүү эмеспи.

Анүстүнө аталган алтын кенин казууга мыйзам жол бербейт. Анткени “Коендуу Карасай” кени “Сарычат-Эрташ” коругу менен жанаша жайгашкандыктан геологиялык иштерди жүргүзүүгө болбойт. Бул бир.

Экинчиден, кенди казууга чуусу көп “Центерра Голддун” Кумтөрдү куруткан деген чырлуу репутациясы да жолтоо болгону турган иш.

Мындан улам 2016 жылы “Центерра Голддун” билермандары ал кездеги ажо А.Атамбаев жана анын аппарат башчысы С.Исаков экөөнө пара берип болсо да колго алууну көздөшкөн. Алар максатына жеткени бүгүн айгине болуп турат. Анткени А.Атамбаев менен С.Исаков алтын кенин саткан аферанын авторлору болушканы айтылып эле келатпайбы…

Кызыгы алар изин жашыруу максатында Туркиялык ишкер Хусаметтин Иылмазды да ишке тартып, ал аркылуу 2016-жылы “ДЭМА” ЖЧКсын уюштуруп, ага “Коендуу Карасай” кенин иштетүүгө лицензиция алып беришкен. Баса, Хусаметтин Иылмаз “Бишкек Парк” соода борборунун кожоюну. Жакшылап казса “Бишкек Парктан” да А.Атамбаевдин үлүшү чыгаарында шек жок.

Баса, А.Атамбаев менен С.Исаковдун түздөн-түз кийлигишүүсүнүн натыйжасында “ДЭМА” ЖЧКсы бир катар мыйзам бузууларга карабай, кен казууга толук укук алышкан.  Кызыгы, С.Исаков өкмөт башчы болуп турганда “Центерра Голддун” Директорлор кенешинин мүчөсү Э.Кубатов менен ымалага келишип, “Коендуу Карасайды” иштетүүгө деп баягы ортомчу болуп түзүлгөн “ДЭМА” ЖЧКсына берилген лицензияны 40 млн. долларга баалап, аны “Центерра Голд” сатып ала турган болгон. Бул боюнча премьер-министр С.Исаков алтын кенди “Центерра Голдго” жылуу-жумшак өткөрүп берүү тууралуу тийиштүү мекемелерге тапшырмаларды берип келген жайы бар.

Ошентип, “Кумтөрдү” куруткан “Центерра Голд” Жети-Өгүздөгү дагы бир алтын кенге ээлик кылып калган. Буга А.Атамбаев менен С.Исаков экөө эмгеги чоӊ экендигин тана койбос?! Болбосо жана айтылган 40 млн. доллар параны неге алды деген суроо жоопсуз калган турат…

Арстан Алгырбеков

Булак: “Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 38 = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: