Menu

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШ Президенти Дональд Трампты АКШнын Көз карандысыздыгы күнү менен куттуктады

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Америка Кошмо Штаттарынын Президенти Дональд Трампты Америка Кошмо Штаттарынын Көз карандысыздыгы күнү менен куттуктады.

«Биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелер достуктун жана өз ара пайдалуу кызматташтыктын жакшы салттарына негизделгенин канааттануу менен белгилейм. Чейрек кылымдык кызматташтык мезгил ичинде биз эки мамлекеттин кызыкчылыктарына толук жооп берген эки тараптуу тыгыз аракеттешүүнү кыйла бекемдеп жана кеңейте алганыбыз кубандырат. Биздин өлкөлөр ортосундагы эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн кызматташтык мындан ары да эки тараптуу негизде да, эл аралык уюмдардын алкагында да Кыргызстан менен АКШ ортосундагы комплекстүү жана толук масштабдуу өз ара мамилелердин өнүгүшүнө өбөлгө болооруна ишенем. Кыргызстан мындан ары да АКШ менен өз ара пайдалуу байланыштарды бекемдөө жана кеңейтүү үчүн аракеттенүүгө даяр», — деп белгиленет Мамлекет башчысынын телеграммасында.

Президент Сооронбай Жээнбеков АКШ Президенти Дональд Трампка ден-соолук жана мамлекеттик ишинде ийгиликтерди каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: