Menu

Жээнбеков: “Атка минерлердин ар бирин электен өткөргүлө”

Бөлүшүү:

Эки күн мурун Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Ага президент Сооронбай Жээнбеков катышып, коррупция тууралуу элге жага турган ойлорун ортого салып, бир катар көрсөтмөлөрдү берди. Ажо өз сөзүндө мамлекеттик кызматкерлердин декларацияларын текшерүү кампаниясы башталганын, анда атка минерлердин кирешеси менен чыгашасы катуу текшерүүдөн өтүп, тыкыр көзөмөлдөнүп жатканын билдирип, буларды айтты “Ар бир министрлик менен ведеомстволорду тыкыр текшерип, коррупциялык схемалардын барын же жогун аныктагыла. Аткаминерлердин ар бирин электен өткөргүлө. Жарандар коррупцияны жоюу боюнча конкреттүү аракеттер менен катаал чараларды күтүп жатышат. Кооп­суздук кеңеши ар бир жарандын кайрылуу катын иликтеп чыгышы керек. Мамлекеттик органдардын жообу жөн эле формалдуу кат-жазышуулар болбошу керек. Бир да арыз, же кат көңүл сыртында калбашы керек. Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин чечкиле. Мамлекеттик органдардын жоопторунда будамайлоо болбошу керек”- деди.

Булак: “Багыт” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: