Menu

Алманбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “УКМКнын ишин атайын парламенттик комитет көзөмөлдөсүн деген бул популисттик идея”

Бөлүшүү:

Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

– Андай болбойт, бул популисттик идея. Анда Жогорку Кеңеште дагы бирин-бири кайталаган саясий орган пайда болот. Майнап чыкпайт. Азыр УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган парламент жана тийиштүү коми­тет бар. Коомдук контролду күчтүү кылсак майнаптуу болмок. Ал үчүн УКМКнын иши журналисттерге, коомчулукка ачык болуш керек. Резонанстуу иштер боюнча УКМК дайым журналисттерге маалымат берип туруусу зарыл. УКМКны президент өзү тикелейт көзөмөлдөйт. Ошондуктан УКМК эгер начар иштесе, анда ал жагдай түздөн-түз президент­тин ишмердүүлүгүнө таасир берет. Эсиңерде болсо УКМК өз билемдигин кыла баштаганда Атамбаевдин коом арасында бедели түшүп кеткен. Анткени УКМКнын иши түздөн-түз президентке барып такалат.

Булак: “Майдан.kg

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: