– Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?
– Булар өздөрү негизи ушундай арзан ой жүгүртүшөбү же атайылайбы, түшүнбөйм. Биздин өлкөнүн саясатчылары маселенин үстүн эле көрөт. Аны тамырынан калыбына келтирип, таптакыр жок кылууга баш ооруткусу келишпейт. Алар кайдан келген немелер? Аларга ошондой укук берүүнүн механизми барбы? Бул өтө одоно сунуш. Бул мамлекет менен иши жок курсагы ток, уйкусураган бирөөнүн сунушу. Эл менен аралашып, эл арасында жүрүп, карапайым элдин, мамлекеттин көйгөйүн жан дүйнөсү менен сезген адам минтип айтпайт. Эң негизгиси УКМКны, деги эле мамлекеттеги баардык мекеме-ишканаларды таза, кесипкөй, эл деген адамдардын катышуусунда аттестациядан өткөрүп тазалоо керек. УКМКда эле укмуш кадрлар отурат деп ким кепил боло алат. Азыр баардык жерде дипломду эптеп чүргөй коюп келген аяш уулдар, жээндер, кошуналар иштеп жатат.
Булак: “Майдан.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ