Menu

Исхак Масалиев: “Өнүгүү” фракциясы чыныгы оппозиция боло албай жатат, Атамбаев эки-үч жолу сындап койсо эле Бакыт Төрөбаев ойлонуп калды…”

Бөлүшүү:

“Ачыгын айтканда мен  “Өнүгүү-Прогресс” партиясында конокмун да. Биз башында шайлоого баратканда Бакыт Төрөбаев менен ачык сүйлөшкөн элек, мен Кыргызстан коммунисттик партиясынан чыкпаймын, “Өнүгүү” партиясына кирбеймин, бирок депутат болуп калсам мен ушул фракциянын чечимин аткарганга милдеттүүмүн деп. Андай нормалар Конституцияда жана мыйзамдарда да жазылган”, – деп билдирди кечээ, 3-июлда “Азаттык” радиосуна берген видеоинтервьюсунда “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Исхак Масалиев.

“Бирок эки жылдан бери, Улуу октябрь револциясынын күнү майрамдык статусун жоготкондон бери мен кесиптештерим менен сүйлөшүп, мындан ары өз алдынча саясат жүргүзөм деп айткам. Бирок фракциянын чечимдерине баш ийем. “Өнүгүү” фракциясы оппозициялык фракция деп аталганы менен чыныгы оппозициялык фракция боло элек. Бул депутаттардын жаштыгынан болуп жатабы же ордун таппай жатабы, бийликке оппозиция боло албай жатат. Президенттик жана шаардык кеңештеги шайлоолордо президент Алмаз Атамбаев “Өнүгүү” партиясын эки-үч жолу сындаган болчу, ошондон кийин Бакыт Төрөбаев ойлонуп калган болсо керек деп ойлойм.  Президенттикке аттанып, партиянын съездин өткөрүп, президенттикке кадамдарды баштаган, бирок кийинчерээк Өмүрбек Бабанов менен биригишип, күрөшкө чыгышкан. Эми бизде, кыргыздарда саясый маданият ушундай экен – эгер сен бирөөнү колдосоң сен ошонун кишисисиң деп коюшат да. Эки жаш саясатчынын биригиши жаман эмес, максаты бийлик алмай. Бирок коом башкача түшүндү “аа, бул Төрөбаев Бабановго сатылды, Бабановдун кишиси экен” деп чыгышты. Мындай жаман сөздөр көп айтылды. Коомчулук саясый маданиятка көнө элек”, – деди депутат Масалиев.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 25 = 34

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: