Кылмыш козголуп, өз мекенинен Россияга безип кеткен саясатчы Өмүрбек Бабановдун баласы Нурэмир Бабанов быйыл орто мектепти алтын сертификат менен бүтүргөндөрдүн катарында болду. Кечээ күнү өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков мыкты окуучуларга алтын сертификатты тапшырып, ноутбук жана акчалай белек берди. Бабановдун баласын бетинен өпкөнү көпчүлүккө кызык болуп калды. Эске сала кетсек, Нурэмирдин атасы Өмүрбек Бабановду Жээнбеков коррупционер катары Кыргызстандан качырганы маалым. Эми болсо баласына жүрөгү жылып турганын ар ким ар кандай кабылдап жатат. Албетте, балада күнөө жок деңизчи. Бирок бир кызык жери Жээнбеков алтын сертификатка татыктуу болгон балдардын баарын өппөй, тандап олтуруп Бабановдун баласын өпкөнү эл үчүн кызык болуп калды. Мунун кандай сыры бар? Ал ортодо бул кызык окуяны интернеттен көргөн качкын Бабанов Сооронбай Жээнбековго элжиреп, ичи эзилип ыраазычылык айтууга үлгүрдү. Ыраазычылыгына деле, тойдук. Качанкыга чейин эки-үч кылмышты мойнуна илип, качып жүрө берет. Таза болсо, Жээнбеков айткандай, “балапан” болбосо, эрки жетсе келип мыйзам алдына жооп бербейби. Ал эми Жээнбеков качкын Бабановду качан издетип, качан жоопко тарттырат? Кеп ушунда…
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ