Жогорку Кеңештин “Бир Бол” фракциясынын депутаты, мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевге байланыштуу үчүнчү кылмыш иши козголгону Башкы прокуратурадан маалым болду. Маалыматта ага Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесинин негизинде кылмыш иш козголгону айтылат. Бул берене кылмыштуу кирешени легалдаштыруу болуп эсептелет. Белгилүү болгондой Шадиевге алгач Айтматов сыйлыгынын (30 миң доллар) уурадалышы жана чек араны мыйзамсыз кесип өтүү боюнча эки кылмыш иши ачылган.
Булак: “Багыт”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ