Menu

Футбол фанаты Германиянын жеңилгенин майрамдап жаткан кошунасын бычактап өлтүрдү

Бөлүшүү:

Россияда өтүп жаткан футбол боюнча дүйнө чемпионаты күтүлбөгөн окуялар менен коштолуп, укмуштай өтүп жатат. Мындан төрт жыл мурунку дүйнөнүн чемпиону болгон Германиянын курама командасы бул ирет кантип эле өз группасынан чыкпай, болгондо да Түштүк Кореяга утулуп калат деп ким ойлоптур. Бирок жыйынтыгында ушундай болду. Ливандын борбору Бейруттун жашоочусу Германия футболчуларына күйөрмандык кылган Хусейин Ходара дагы бир жолдошу менен Германиянын 27-июнда кореялыктарга 2:0гө утулганын өтө трагедиялуу кабыл алган. Ал кошунасы Мохаммед Заер Германиянын утулганын “жууп”, майрамдап жатканына чыдай албай, аны бир нече жолу бычактап, өлтүрүп салганын дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыкты. Ушунчалык фанаттыктын кереги бар беле?!

 Булак: “Багыт” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: