Menu

Бишкек быйыл сатып алына турган 350 автобустан баш тартты

Бөлүшүү:

Бишкек мэриясы ушул жылдын аягына чейин сатып ала турган 350 автобустан баш тартты. Мындай чечим тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов билдирди. Ал автобустарды “Газпромдун” насыясына сатып алуу пландалган.

Бишкек мэриясы 2018-жылдын соңуна чейин 350 автобус сатып алмак. Мындай меморандумга 2017-жылы 25-декабрда Өкмөт үйүндө кол коюлган. Меморандум орусиялык “Газпром Кыргызстан”, “Газпромбанк” “Эксар” ишканалары менен Бишкек мэриясынын жана Социалдык фонддун ортосунда кабыл алынган.

Автобустарды сатып алыш үчүн мэрия “Газпромбанктан” 12 пайыз үстөгү менен жети жылга 3,5 млрд. сом насыя алмак.

Ар бир автобустун баасы 10 млн. сомдун тегерегинде болору айтылган. Мэрия автобустар газ менен жүрөрүн, майыптарга ыңгайлуу экенин жана аларда кондиционер, вай-фай, электрондук төлөө системасы сыяктуу бардык шарттар болорун билдирген. Бишкекти толук камсыз кылууга 700гө жакын автобус талап кылынат. 350 автобус 11 гана каттамды тейлей алат.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: