Menu

Башкы прокуратуранын тараткан маалыматтарына карата Мамкаттоо кызматынын комментарии

Бөлүшүү:

Автоунаалардын мамлекеттик номерлерин даярдоо процессинде сапаттуу гана чыгашалануучу материалдар жана европа жабдуулары колдонулушат, бул сапатты жана КМС 1090:2015 (ИСО 7591:1982) стандарттарына шайкештикти кепилдеп турат, аларды жасалмалоо абдан татаал, алар ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун алкактарында видеокамералар менен окуу үчүн идеалдуу. Бул туралуу МККнын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилердин символдору жана жээги атайын сыр менен сырдалган, мамномердин пластинасы коргоочу жарык чагылдыруучу пленка менен капталган.

Номерди пресстин жана жогорку температуранын алдында ныгыра басып түшүрүү методу менен даярдоо процесси учурунда сандар жана белгилери салынат. Долбоор алгач иштетиле баштаган учурда бир номерге дээрлик 3 мүнөт талап кылынган, бирок азыркы күнү 1 мүнөт ичинде 1 мамномер даярдалат, процесс автоматташтырылган жана иштин ылдамдыгы олуттуу эле жакшыртылган.

Номер белгилерин даярдоо боюнча борборду ишке киргизүү учурунда (01.06.16-ж.) жаңы жабдуу апробациялоодон жана тесттен өткөрүлгөн, персонал жаңы жабдууларда иштөөнү үйрөнүшкөн, көпчүлүк процесстер жөнгө салынган.

Өткөн 2014-2015-жылдар ичинде даярдалган мамномерлердин статистикасынын негизинде, номер белгилеринин баасы бекитилген. Бааны эсептөөнүн базалык критерийлеринин бири болуп, номер белгисинин 1 бирдигин даярдоого коротула турган убакыт алынган. Алсак, даярдоо үчүн убакыт 1 номерди даярдоого кете турган 3 мүнөт эсебинен алынган.

Жаңы номерлер ишке киргизилген учурдан тартып алгачкы 4 айда ири суроо-талап байкалып, Борбордун кызматкерлери дем алышсыз эки нөөмөттөн иштешкен. Өндүрүштүн ири көлөмдөрүнөн улам жана Борбордун кызматкерлеринин эмгеги үчүн иштегенине жараша акы төлөөнүн негизинде, ушул аралыктагы эмгек акы факт жүзүндө иштеген убакыттан жана даярдалган номер белгилеринин санынан көз каранды болгон.

29.06.18-ж. ЖМКларда жарыялоодо КР Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча көрсөтүлгөн 6 158 294 сом суммасы, пландык жана факт жүзүндөгү сандардын ажырымынын кесепетинен пайда боло турган айырманын өзүнөн чыга турган метод боюнча эсептелген. Пландык көрсөткүчтөр факт жүзүндөгү маалыматтардын олуттуу айырмаланышат, айырмасы 32 сомду жана 9,5 сомду түзүп турат. Ушуга ылайык, пландык көрсөткүчтөр факт жүзүндөгү көрсөткүчтөр менен дал келбегендиктен чыга турган айырма, «мыйзамсыз жогорулатуу» сыяктуу инкриминацияланышы мүмкүн эмес.

Белгилей кетүү керек, «Инфоком» МИси өз ишмердигин толук чарбачылык эсептешүү жана өзүн-өзү каржылоо.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − = 32

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: