Menu

Тажикстанда баалар мамлекет тарабынан көзөмөлдөнө баштайт

Бөлүшүү:

Тажикстан өкмөтү биринчи иретте керектелүүчү 16 өнүм жана товардын баасын мындан ары жөнгө салмай болду. Токтомго өлкө президенти Эмомали Рахмон кол койду, анын аткарылышын көзөмөлдөө Монополияга каршы агенттикке жүктөлдү.

Баалары мамлекет тарабынан жөнгө салына турган товарлар жана өнүмдөргө ун, нан, макарон азыктары, буудай, күрүч, картошка, сабиз, пияз, капуста, кант, май, сүт азыктарынан: сүт, кефир, каймак, быштак, акшак жана уй, кой, тоок эттери, жумуртка, туз, чай, балдардын тамак-ашы кирет.

Тажик бийлиги азык-түлүк бааларын жөнгө салууга бир нече жолу аракет жасаган. Өзгөчө орозо маалында эттин наркын көзөмөлдөгөн. Бирок бул аракеттерден майнап чыккан эмес.

1993-жылы 8-январда Тажикстан Министрлер кеңеши “Баа бычуу эркиндиги жөнүндө” токтом кабыл алган, мунун негизинде азык-түлүк базарында таңкыстыкты жоюу мүмкүн болгон.

Өлкө 25 жылдан кийин кайрадан бааларды жөнгө салуу тажырыйбасын колдонууга бел байлады.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: