Menu

Астанада ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөр жоопкерчиликке тартылышты

Бөлүшүү:

Астанада ачкачылык жарыялаган үлүшчүлөр административдик жоопкерчиликке тартылышты. 3-июлда Астана полициясы шаардагы «Комсомольский» турак-жай комплексинин курулушун бүткөрүүнү талап кылып акцияга чыккан бир нече үлүшчүнү кармап кеткен.

Үлүшчүлөрдүн бири Гүлнара Касымованын айтымында, административдик соттун чечими менен Динара Сабдинова менен Светлана Абылкасымова 140 доллардан айыппулга жыгылышты. Дагы эки үлүшчүгө эскертүү берилди. Соттук териштирүү бир жарым саатка созулган.

3-июлда астаналык үлүшчүлөр “Орда Инжиниринг” компаниясынын ишине нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялашкан. Алар компания үйлөрүн былтыр декабрда салып бүтүрүүгө тийиш болгонун, бирок азыр айрымдарынын каркасы гана тургузулуп, кээ биринин чатыры гана жабылганын айтышкан.

Үлүшчүлөрдүн акциясы башталганына бир саат боло электе полиция менен прокуратура кызматкерлери келип, аларды автобуска салып алып кетишкен.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: