Menu

Казакстандык активисттер АКШда “бийлик транзитин” талкуулашты

Бөлүшүү:

“Жаңы Казакстан форуму” коомдук уюмунун өкүлдөрү 4-июлда басма сөз жыйынын өткөрүп, АКШга болгон сапарлары учурунда Казакстандагы “бийлик транзити” жана сөз эркиндиги темаларын көтөрүшкөнүн айтышты.

Саясат таануучу Расул Жумалы билдиргендей, “Жаңы Казакстан форуму” коомдук уюмунун өкүлдөрү АКШ конгрессинин, мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү жана журналисттер менен жолугушкан. Кездешүү учурунда 1930-жылкы Казакстандагы ачарчылыкка эл аралык баа берүү зарылдыгы, Кытайдын казак экономикасындагы экспансиясы талкууланган.

Уюм 3-июлда премьер-министрге кат жөнөтүп, Кытай Астанага көчүрөт делген 51 ишкана жана алардын экологияга тийгизе турган таасири тууралуу маалымат берүүнү талап кылган.

“Жаңы Казакстан форумунун” өкүлдөрү уюм “Акордонун долбоору” эмес экенин жана чет өлкөдө жашаган банкир, Астананын сынчысы Мухтар Аблязовго каршы чыгышпай турганын кайрадан белгилешти.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: