«Чымын-чумуну» бар адамдар жазга маал эпкиндечү эле. Бу Мелис Карыбеков жай аптабында айнып, аркы-берки сөздү божурап, кечээги шефи Атамбаевди шыбап, теңирден тескери кетип атканы кызык. «Колдун» 7 жыл бою эски бийликтин жакшылыгын көрүп, байып, жыргап жашаганын тана албаса керек. Ушунча да ойт берме болобу? Кеп жеке абийиринде. Дагы бир кыжыр келтирген сөзү: «Туйгунаалы, Исадан кутулбасак оңолбойбуз…» дегени болду. Чүйлүк патриот жигиттер интернеттен мындай былжырагын окуп алышып, абдан ачуулары келип атышат. Аныгында, Карыбеков саясатты түшүнбөгөндөн кийин тек гана үйүндө жармасын ичип, курсагын сылап жатса болмок. Азыр «Колдундун» касиети кетип калган, Акаев-Бакиев режимдеринде «курту ойноп» турчу эле, кийин анысын кокустан келген байлык тебелеп (Атамбаевдин амири менен кабат-кабат үйлөргө жеткенде), ырысын көтөрө албай калган. Дал ушул жерден кыргыздын даанышман кеби эске түшүүдө: «Өз агасын агалай албаган бирөөнүн эшигин сагалайт» деген. Түшүндүңөр да…
Булак: “Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ