Menu

Кытайлар эми кыргыз бийлигинен бекер алган 3,5 гектар жерге Кытай шаарын курабы?

Бөлүшүү:

Саясатта дагы бир жакшы эмес иш болуп кетти. Эл нааразы. Качан мындай шалаакылык токтотулат. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги үчүн  3,4 гектар жерди акысыз  берүүгө макулдук беришкени кыргыз коомчулугун дагы бир ирет дүрбөлүңгө салып койду.   Шаардык кеңештин депутаттары бир күн мурун  мындай чечимге каршы чыгышканы менен, кийинки күнү өздөрү мурда кабыл алган чечимин өзгөртүп, макулдук беришти. Айтымдарына карганда түшүнбөй калышкан имиш. Айтор, түшүнсө да, түшүнбөсө да түпкүлүгү жакшы эмес иш болуп кетти. Кыязы, жогорку бийликтен катуу коӊгуроо болду окшобойбу. Анткени, эртең президент алгачкы иш сапары Кытайга барат. Ошону алдындагы эл менен эсептешпеген аракеттердин бири болуп калды окшобойбу.

Бул сунушка депутаттардын  24ү макулдугун берген. Ал добуш берүүнүн алдында тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев депутаттарга  өзү келип, баарын түшүндүрүп берген. Анын маалыматы боюнча: Кытай тарап Кыргызстанга  Пекинден 25 сотых жер берип, үч кабаттуу элчиликтин имаратын жана алты кабаттуу турак-жай куруп берет. Долбоордун жалпы суммасы 9 миллион долларга жакын.. 25 сотых жер менен 3, 5 гектар жердин айырмасы асман менен жердей эмеспи. Демек, бул жагы Эштекбайдын энөө баласына деле бештен белгилүү болуп турат. Кыргыз элине 9 миллион доллар керекпи, же 3,5 гектар керекпи?

Чынында Бишкек шаардык кеңешинин спикери Алмаз Кененбаев деле мекенчил жигит эле.  ТИМ министри алгач  Эрлан Абдылдаев Алмаз мырзанын кабинетине келип, аны далайга чейин макул кылууга аракет кылды деген маалыматтар байма-бай чыгууда.  Бул жагын терең ойлонушса болмок. Азырынча бийликтин,  депутаттардын бул боюнча айткан жүйөөсү, шылтоолору:  бул келишим 2003-жылы  түзүлүп калыптыр дегендери болууда. Буга элибиз ынанбай турат. Неге дегенде Акаевдин тушундагы урдурмай, пайдасыз келишимди азыр оңдоого болот эле го.

Кыскасы, Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги турган жер 2003-жылы эле 49 жылга ижарага берилип, алар жылына 700 миң сомдон төлөп келгендиги айтылды. Эми 49 жыл бою 700 миӊ эмес, 7 тыйын да төлөбөйт. Мына сага парадокс. Ал эми  Кыргызстан Кытайдагы элчилиги турган жер үчүн мындан да көп каражат төлөп келет. Эӊ жаман жери мына ушундай эӊ жагымсыз иш президент Сооронбай Жээнбековдун Кытайга жасай турган расмий иш сапарынын алдында шашылыш ишке ашып жатканы болууда. Бир сөз менен айтканда, президентибиз Кытайга Бишкектин 3,5 гектар “майлуу” жерин “колтугуна кысып” бараткандай элес калтырат экен. Кытай болсо бизге 3,5 гектар жердин ордуна “кыргыздар силерге боло берет” деп, 25 сотых жерин  “садагага” берип жаткансыйт,  үстүнө акча кошуп, материалдык жагына басым жасамыш этип. Биздин кулкуну кургур бийликтегилер ошого кызыгып олтурат. Ушул кантип жакшылык болсун! Бул жакшылык эмес, элди алдоо жана Кытайга көз көрүнө алдануу. Жолуӊ болгурдуку десе, ата-бабабыз көздүн карегиндей сактап, бизге ыйык мурас кылып кеткен асыл жерибизди ушинтип коӊшуларга ар кандай жол менен кармата беребизби, четинен кертип.

Буга чейин Кытайларга  “Үзөӊгү- Куушубуз”, казактарга “Каркырабыз” кетти. Өзбек, тажиктерге түштүктөгү түркүн жерлерден бир тобу билинип-билинбей өтүп кетип жатат. Эгемендүү элбиз,байыркы, баатыр элбиз деп кайсы арыбызга мактанабыз. Мактанбай мамыраӊ кана калбайлыбы. Ошончо асыл жердин бөтөн элдин колуна чыркырап өтүп кетип жатканын көрүп, эмнеге мынча чыдап жашап жүрөбүз. Деги ошончонун баарын кантип кара көзүбүз менен чыдап карап турабыз. Андан көрө карегибиз соолуп, көр болуп калса, оӊ болоор беле. Айла кеткенде ушинтип каңырык түтөйт турбайбы.

Бизди тарых менен урпактар кечирбей калды го. Өз убалыбыз өзүбүзгө деген ушул болоор. Бул да болсо биздин бийликтин элдин кызыкчылыгын эске албай, өзүн –өзү билип, өтүгүн төргө илгендегиси…

Кытай деги 49 жылдан кийин жерибизди береби?

Кытайларга бийлик акыркы кезде абдан эле жагалданып жатканы мына ушундай иштерден даана байкалып турат. Ансыз да Кытайлардын таасири Кыргызстанда күчөп баратат. 49 жылдан кийин дагы кандай болот, бир Кудай билет? Ал 3,5 гектарга жакын жерге эртеӊ эле Кытай шаары салынбайт деп ким кепилдик бере алат. Туура, эч ким, эч качан кепилдик бере албайт. Эч нерсе курбай, ошол жайдак бойдон кармап тура бермек беле. Сөзсүз өз каалаган имаратын курат. Себеби, Кытай деген Кытай. Акыркы жылдары дүйнөгө кулачын толугу менен жайган, өтө коркунучтуу, ири державага айланды. Бул мамлекеттин саясатта да, экономика да, маданиятта да, айтор баардык тармактар боюнча таасири күчөп баратканы баарыбызга маалым. Башты буруп кайда карабаӊыз, кыжылдаган кытайлардын таасири байкалат.

Анан ушунун баарын көрүп туруп, биз кайсы арабызга Кытай менен теӊ тайлашабыз деп турабыз. Керек болсо бүгүн Кытай менен мен деген Америка, Россия сыяктуу күчтүү ири мамлекеттер да теӊ тайлаша албай, көп учурда жемин жедирип келет. Кытай экспансиясы бүт дүйнөгө жөргөмүштүн желесиндей жайылып барат. Кытай мамлекети, кыжылдаган кытайлар өздөрүнүн өлөрмандыгы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, болгондо да борбордук шаарларында “Кытай шаарчасын” эчактан бери ийгиликтүү куруп келатканын кимдер гана билбейт. Маселен, Кытай бир теӊ келсе, АКШ менен Россия гана теӊ келет деген кептер айтылып жүрөт. Бирок Кытайлар эчак эле АКШнын Нью-Йорк, Россиянын Москва баштаган борбордук шаарына болушунча Кытай шаарчаларын куруп, өздөрүнүн өлбөс таасирин орнотуп  коюшкан. Ал шаарларда миллиондогон кытайлар тамырын тереӊ жайып, жашап келишет. Муну эл аралык  тил менен айтканда “Китайский чайна товун” дейт.

Демек, Кытай мамлекетинин андай кооптуу шаарлары АКШга, Орусияга оӊой эле курулуп жатканда, биздин Кыргызстанга сөз жок курулуп калышы толук мүмкүн. Ансыз да Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте кытайлар барган сайын ар кандай жолдор менен көбөйгөндөн көбөйүп баратат. Бишкектеги жол салгандардын, курулуш иштеринде жүргөндөрдүн көбү кытайлар экенин жалганбы? Ал эми базарга баштарын тыгып, чоӊ соодагер болуп алгандары да өтө арбын. Ошол учурда карасаӊ, жумуш таппай жүргөн кыргыздар  да өтө көп. Андай жердештерибиздин көбү бай кытайларга айласыздан жарыбаган акчага жалданып иштеп жүрүшөт.  Бул жагы өзүнчө бир чоӊ сөз.

Ал эми Бишкектин болгон “майлуу” жеринен Кытайлардын “энчисине” берилген 3,5 гектарга жакын жерди 49 жылдан кийинки тагдыры кандай болот? Ал жер кандай абалга кептелет? Азыр эч ким айта албайт. Деги жарым кылымдан кийин кыргыз бийлиги ошол жерди кайра кайтарып ала алабы? Кеп ошондо? Келишим кандай каралды? Кандай курулуштарга жол берилет? Кандай болуп өзгөрөт? Мунун баары азырынча баарыбыз үчүн табышмак. “Элүү жылда эл жаӊы” – демекчи, элүү жылдан кийин ошол мамлекетибиздин жери Кытайлардын жеке менчигине кетип калбаса экен. Бул жагын Кудайдан миӊ ирет жалынып, тилеп туралы. Ал эми элдин каалоосун, мамлекеттин кызыкчылыгын эске албай , эсирген атка минерлердин да  эсеби табылар.

Кыргызстандын тышкы карызынын  көлөмү 4,5 миллиард долларды чапчып турган кез. Анын 44 пайыздан ашыгы, же 2 миллиардга жакыны  Кытайга таандык экенин баарбыз билебиз. Кытайга карызды кайтаруу мөөнөтү 2024-2027-жылдарга туура келет. Кыргыз бийлиги Кытайдан алынган карыздардан кутулуунун аракетин көрө элек. Тескерисинче, Кытайга минтип күнкөр болуп, алардын суу кечпеген сунушуна талкан сугунуп алгандай теӊ талапты коё албай, макул болуп турабыз. Мындай темп менен кетсек, келечегибиз туӊгуюк болоор…

Айбек Шамшыкеев

Булак: “Багыт” 

 

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 68 = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: