Menu

Талгарбековго адилеттүү сөзүн айта албаган Абылгазиевди Кочкордун тузу урбайбы?..

Бөлүшүү:

Эки жылдан ашык убакыттан бери «Элдик парламенттин» лидери Бекболот Талгарбеков ж.б. мүчөлөрү адилетсиздиктин айынан камакта отурушат. Ооба, өткөн жылдын соңуна чейин атамбаевдик зулум бийлик араанын созуп келсе, андан кийин эмне болду? Элдин эсинде, Атамбаевдин жасоолдору Сегизбаев жана Жолдубаева мыйзамсыз карактоого алышып, Талгарбековду талкалоо үчүн темир тордун артына тыгышып, аёосуз кордошуп, аны сындырууга жандалбасташкан. Бирок, эрктүү  байкебиз эч моюн сунбастан, керек болсо өлүмгө тике карап, акыйкат үчүн акырына чейин күрөшүүгө белсенди. Учурда бүтүндөй коомчулук ак жеринен отурган «күнөөкөрүбүздү» колдоп атышканын биз көрүп эле атабыз. Эң өкүнүчтүүсү, Талгарбековдун айылдашы, атургай кошунасы, жакын тууганы Мухамметкалый Абылгазиев президенттин аппарат башчысы, андан соң премьер-министр болду, эмне үчүн адилетсиздиктин айынан күйүп, түрмөдө жаткан Талгарбековго кол сунбай койду? Же бул эргулга убактылуу гана бийликтин кайфы керекпи? Элдин көзү көрөгөч эмеспи.

Эгерде Абылгазиев ак жеринен күйүп жаткан каарманыбызга адилеттүү сөзүн айта албаса, мыйзамдуу негизде жардам берүүдөн баш тартса, анда касиеттүү Кочкордун тузу уруп кетпейби? Аталган өрөөндөн Ормон хан, Төрөгелди баатырлар чыккан, дал ушул инсандар Бекболот байкебиздей адилеттүүлүк деп эл-жердин намысы үчүн туруп беришкен. Алар ошон үчүн тарыхта калышкан. Эртеңки урпактарыбыз тарыхтан Абылгазиевдин кошоматчылыгын эмес, Талгарбековдун таамай эрдиктерин окушат… Көрсө, улуу журттун уучу куру эмес экен да. Эгерде бийликтеги кул мүнөздөр саясый туткундагы жердешине артын салышса, эртеңки урпактар ызырынуу менен түкүрүнө басып кетишпейби, ыя? Кочкордун шор тузу уруп кетпейби?..

Сакен БӨРҮБАЕВ

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 46 = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: